Атамбаевдин кармалышы: Каза болгон атайын бөлүктүн аскерине «Эрдик» медалы ыйгарылды

Президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын атайын бөлүгүнүн командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековду кайтыш болгондон кийин «Эрдик» медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Ал 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алуу учурунда каза тапкан.

Ниязбеков «аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн жеке каармандыгы» үчүн сыйланды. Ошондой эле Ниязбековго өлгөндөн кийин полковник наамы ыйгарылган.

«Альфанын» командиринин орун басары октон жарадар болуп каза тапкандан кийин милиция «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча иш козгогон. Ниязбековдун артында алты баласы калган.

Ал 9-августта Бишкектин четиндеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилген. ИИМ 14-августта Ниязбековду өлтүрүүгө шектүү кармалганын билдирген.

Сүрөт: Сабыр Абдумомунов, «Азаттык» үналгысы.