Исаков соттон «ырайым көрсөтүүнү» өтүндү

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу иш боюнча жыйын учурунда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков соттон «ырайым көрсөтүүнү» суранды.

Исаковдун айтымында, ал өзүн начар сезип жаткандыктан, түштөн кийинки отурумга алып барып турууну өтүнгөн.

«Эртең мененкисин абалым начар. Түшкө чейин бир жума ден соолугума кам көрүүгө убакыт берүүнү суранам. Сотко келүүнү суранышканда процессти создуктурбаш үчүн макул болдум. Бир жума өзүмө келүүгө жана түштөн кийин келип турууга убакыт бергиле», — деди мурдагы премьер-министр.

Исаковдо баш ооруларына, баш айланууга алып барган моюн кан тамырларынын кысылышы байкалган.

Исаков 16-августта ооруканага түшкөн — анда ал өзүн кескин начар сезе баштаган. Бирок 28-августта мурдагы премьерди кайра тергөө изоляторуна кайтарышкан.

Анын адвокаты Сапар Исаковду «оор абалда» экенине карабастан, кайра тергөө абагына которушканын маалымдаган. Бирок УКМКдан врачтар Исаковдун абалын «туруктуу» деп сыпатташканын билдиришкен.

Мурдагы өкмөт башчысы 2018-жылы июнда Бишкек ЖЭБди жаңыртуу иши боюнча кармалган — ал коррупция боюнча айыпталган. Ошондой эле Исаков Бишкектеги Тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданын реконструкциялоо иши боюнча да айыпталуучу катары өтүп жатат.