Атамбаев УКМКнын терезесинен тарапкерлерине кол булгап жатат — видео

«Апрель» телеканалы видео жарыялап, анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев колдоо көрсөтүү үчүн УКМКнын имаратынын алдына келген тарапташтарына салам берип жатканы тартылган.

https://www.facebook.com/april.tv.ru/videos/1490864941066181/

УКМКнын имаратынын алдына мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаева, уулу Кадыр Атамбаев, тарапташы жана парламенттин депутаты ирина Карамушкина, кеңешчиси жана КСДПнын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева жана башкалар келген.

КСДПнын төрайымы Асел Кодуранова УКМКнын тергөө абагында отурган Атамбаевге жолугуп чыккан. Анын айтымында, мурдагы президент кармоо шартына даттанган эмес. «Китеп окуп жатат [...] Бизге тапшырма берген жок. Алмазбек Атамбаев, кармоону биз сыяктуу мыйзамсыз деп эсептейт», — деп келтирет Кодуранованын айткандарын 24.kg басылмасы.

Атамбаев август айынын ортосунда өткөрүлгөн атайын операциянын натыйжасында кармалган. Азыр ал бир нече иш боюнча тергөөдө отурат. Алардын арасында коррупцияга байланыштуу иш да бар. Мурдагы президент 26-октябрга чейин абакта калтырылган.