Депутат Насыр Мусаев ден соолугуна байланыштуу мандатын тапшырды

Парламентарий Насыр Мусаев депутаттык ыйгарым укуктардан баш тартты. Мусаев Жогорку Кеңеште «Кыргызстан» фракциясынан депутат болуп иштеген.

Боршайкомдун басма сөз кызматынан «Клоопко» кабарлашкандай, комиссиянын мүчөлөрү Мусаевдин мандатын тапшыруу жөнүндө кайрылуусун эртең, 6-сентябрда карашат.

«Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков 24.kg маалымат агенттигине маалымдагандай, Мусаев ден соолугунун абалына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарынан баш тартууну чечкен.

«Ал [парламенттин жыйындарын] көп калтырчу, мартта фракция Мусаевди мандаттан ажыратуу жөнүндө маселени чечип берүүнү суранып тармактык комитетке кайрылган», — деди Баатырбеков.

Эл өкүлдөрү Мусаевди депутаттык макамдан ажыратуу маселесин апрель айында эле караган болчу. Бирок ал учурда депутаттар бир пикирге келе албай калышкан.

Насыр Мусаев 2018-жылдын апрель айында ант берип, депутаттык кызматка киришкен. «Кыргызстан» фракциясынын катчылыгынын жетекчиси Аманкул Токтогулов билдиргендей, ошол убактан бери Мусаев парламенттин бир дагы отурумуна келген эмес.