ИИМ Батукаевдин бошотулушуна шектелгендерге айып такты, тергөө аяктады

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 5-сентябрда маалымдагандай, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу сотко чейинки иликтөө аяктады. Анын бошотулушуна шектелгендердин баарына айып тагылды.

«Жакынкы убакыттарда аягына чыгарылган иликтөөнүн материалдары Башкы прокуратурага жана сот органдарына өткөрүлүп берилет», — деп билдиришти ведомстводон.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «лейкоз» диагнозу менен абактан бошотулган. Ал абактан чыккандан кийин дароо өлкөдөн кетип, кийинчерээк меддокумент жасалма экени аныкталган.

Кыргыз тарап Батукаевди экстрадициялоо тууралуу орусиялык кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү менен мындай майнап чыккан эмес.

Бийлик 2019-жылдын жазында Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу ишти жандандырган. Бул мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик жана кол тийбестик макамдан ажыратууга бирден бир негиз болуп берип, арадан бир нече ай өткөн соң ал камакка алынган. Ага Батукаевдин ишине байланыштуу коррупция боюнча айыбы тагылган.

Ошондой эле бийлик көптөгөн аткаминерлерди үй камагына жөнөткөн. Мисалы, Жазаларды аткаруу мамкызматынын мурдагы башчысы жана депутат Зарылбек Рысалиев, мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова менен Индира Жолдубаева, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева жана ошондой эле мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов.

Алардан тышкары, Батукаевдин бошотулушу тууралуу ишке байланыштуу болгон врачтар менен судьялар тергөөгө алынган.