Нарын облусунун башчылыгына Эмилбек Алымкулов дайындалды

Өкмөттүн басма сөз кызматы Алымкуловдун ыйгарым укуктуу өкүлдүк кызматка дайындалышы тууралуу 6-сентябрда кабарлады. Буга чейин ал Нарындын мэри болуп иштеген.

Мурдагы облус башчы 5-сентябрда отставкага кеткен. Аманбай Кайыпов кызматынан Нарындагы Кеңеш айылында ачылган контейнерлерден куралган мектептин айланасындагы чуулардын шартыда кеткен.

Эмилбек Алымкулов 2007-жылы Нарын районнун мамадминистрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалып, кийинчерээк Нарын мэриясына иштөгө өткөн.