Бийлик бир жылда 1200дөн ашуун мектеп жана ооруканаларды интернетке туташтырган

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, мамлекеттик «Кыргызтелеком» оператору 2019-жылы Кыргызстан боюнча 1500дөн ашуун объектти интернетке туташтырган. Алардын арасында 660 мектеп жана 643 медициналык мекеме бар.

«Бул дарыгерге электрондук түрдө жазылуу, так диагноз коюу үчүн анамнезди берүү, жеринде жаш медициналык кызматкерлер арасында семинарларды уюштурууну шарттайт», — деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Ошондой эле 292 айыл өкмөтү жана укук коргоо органдарынын 523 объекти интернет менен камсыздандырылган. Бийлик жыл аягына чейин дагы 161 айыл өкмөтүн жана 402 почта бөлүмүн интернетке туташтырууну пландап жатат.