Якутия: Аялды зордуктоого шектелген кыргызстандык мигрант 14 жылга соттолду

Якутск шаардык соту 11-сентябрда Кыргызстандын атуулун 14 жыл күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесүү өкүмүн чыгарды. Ал аял уурдоо жана зордуктоо боюнча күнөөлүү деп табылган. Анын эки шеригине 4 жана 6 жыл жалпы тартиптеги абак жазасына тартуу өкүмү чыгарылды.

«Кылмыш өзгөчө оройлук менен жасалганына байланыштуу резонанс жаратып, биринчи мүнөттөрдөн тарта тергөөнүн жүрүшү тергөө башкармалыгынын жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө болгон», — деп айтылат Якутия боюнча Тергөө комитетинин кабарында.

Тергөөнүн версия боюнча, башкы айыпталуучу башка эки эркек кишиге секс үчүн кыз алып келип берүүнү сунуштаган. Мындай жол менен ал автоунаасын оңдоо акысынан кутулгусу келген.

Алар макул болушкандан кийин башкы айыпталуучу көчөдөн бейтааныш аялды таап, аны машинага сүйрөп кирип зордуктаган. Андан кийин аны автосервиске шериктерине алып барган. Алар да аялды бир канча убакып кармап турушкан, ал эми алардын бирөөсү аялга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган.

Аял эркек кишилер уктап калгандан кийин качып чыга алып, милицияга кайрылган. Ошондон кийин шектүүлөр кармалган. Тергөө алардын этникалык таандыгын ачыктабай жатканына карабастан, Якутск боюнча алар Кыргызстандыктар экендиги тууралуу кептер тарап кеткен.

Ошол окуядан кийин шаарда мигранттарга каршы митингдер менен нааразычылык акциялар башталган. Натыйжада шаарга келгендердин көбү коопсуздукка байланыштуу жумуштарына чыгуудан баш тартышкан. Кийинчерээк Якутиянын бийлиги миграциялык көзөмөлдү күчөтүп, мигранттар иштей алчу жумуш орундардын санын чектеген, бирок бул кыргыз жумушчуларына тийиштүү болгон эмес.