Бир кадр менен: Жээнбеков чек ара чырында жабыркагандардан кабар алды

Президент Сооронбай Жээнбеков 18-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын натыйжасында жабыркагандардан кабар алды. Алар Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасында дарыланууда жатышат.

Өлкө башчысы жабыркагандардын бардыгына тез сакайып кетүүнү каалап, андан тышкары, жарадар болгондорго тез жардам көрсөткөнү үчүн медицияналык кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле Жээнбеков жабыркагандардын туугандары менен жолугушуп, бийлик аларга бардык керектүү жардам көрсөтөт деп ишендирди.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал 16-августта курчуп кеткен. Атышуунун натыйжасында кыргыз аскери каза таап, дагы 13 адам ар кандай оор деңгээлдеги жаракаттарды алган.

Тажик тарап 12 адам жарадар болуп, үч аскер кызматкери каза тапканын кабарлаган.

Өлкөлөр бири-бирине нота тапшырып, ал эми өкмөт башчылар сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүп, чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча маселени талкуулашкан.