Тажикстан такталбаган тилкеде курулуш иштерин жүргүзүүнү улантууда — Чек ара кызматы

Баткен району. Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган тилке. Сүрөт: "Марал ФМ" басылмасы

Кыргызстандын чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева «Клоопко» Баткен облусунун Баткен районундагы такталбаган жерде Тажикстандын жарандары курулуш иштерин улантып жатканын билдирди. 

«Баткен районунун Жака-Өрүк айылына жакын жердеги такталбаган аймакта курулуш иштерин токтотуу боюнча Кыргызстан Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат», —деп түшүндүрдү Бөрүбаева.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Тажикстан 14-сентярбрда чек арага чектеш эки аймакта курулуш иштерин баштаган. Биринчи курулуш саат 11:00 чамасында Лейлек районундагы Максат айылына жакын белгиленбеген тилкеде, ал эми экинчи курулуш иштери Баткен районундагы Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) аймагына чектеш такталбаган жерде саат 16:00 чамасында башталган. Бирок эмне курулуп жатканы азырынча белгисиз.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Максат айылына жакын жердеги курулуш токтогону кабарланып, бирок 16-сентярбрда аталган аймакка жакын кыргыз-тажик чек арасында атышуу орун алган.

Анын натыйжасында кыргыз аскери каза таап, дагы 13 адам ар кандай оор жаракаттарды алышкан. Ал эми 17-сентябрда жарадар болгон 10 адам учак менен Бишкекке жеткирилген.

Тажикстандын бийлиги үч аскер каза таап, 12 киши жарадар болгонун кабарлады. Эки өлкөнүн өкмөт башчылары 17-сентябрда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, чек араны делимитация жана деморкация иштерин тездетүүнү макулдашышты.