Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Кыргыз спортчусу Айсулуу Тыныбекова Нур-Султан шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Муну менен ал Жапонияда 2020-жылы өтө турчу жайкы Олимпиада оюндарына катышууга лицензия алды.

Кыргызстандын спортчусу турнирдин финалына жетүү жолунда мексикалык Алехандра Ромеро Бонилланы жана ошондой эле жапониялык спортчу Юкако Каваини жеңген.

Тыныбекова турнирдин чейрек финалында украиналык атаандашы Юлия Ткач-Остапчукту утуп, автоматтык түрдө 2020 жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ала алды. Кыргызстандык спортчу жарым финалда Түндүк Кореянын спортчусу Жонг Сим Римди жеңген.

Айсулуу Тыныбекова — күрөштүн эркин стилиндеги балбаны жана Азиянын үч жолку чемпиону. Ал буга чейин Олимпиада оюндарына эки жолу катышып, бирок медал алган эмес.

Мурдараак 2020 жайкы Олимпиада оюндарына катышуу лицензиясын башка кыргыз спортчулары да алган: сүзгүч Денис Петрашов, балбан Атабек Азизбеков жана жеңил атлетчи Юлия Андреева.