«Атамбаевсиз КСДПнын» башчысы партиянын документтери менен мөөрү жоголгонун билдирди

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын төрагасы Сагынбек Абрахманов 24.kg маалымат агенттигине курган маегинде КСДПнын каттоо документтери менен мөөрү жоголуп кеткенин кабарлады.

«[...] “Форумдун” имаратында жайгашкан партиянын кеңсесинде тинтүү учурунда партиянын мөөрү да, каттоо кагаздары да табылган эмес», — деп билдирди Абрахманов.

Ал баары бир КСДПнын башчысы экенин жана партияга болгон бардык укуктар ага таандык экенин кошумчалады.

Абдрахмановдун билдирүүсүнө мурдагы президенттин тарапташы жана парламенттин депутаты Ирина Карамушкина реакция кылды. Ал фейсбуктагы барагында Абдрахмановдун өзүн «шүмшүк» деп, ал эми анын аракеттерин «партияны рейдерлик тартып алуу» деп атады.

«Бир дагы нормалдуу, адевакватуу жаран Абрахманов, Жээнбеков үчүн добуш берүүгө барышпайт [...] Бирок КСДПны “тарыхтын таштандысына” ыргытып жибергилери келип жатат [...] Мөөр жана укук белгилөөчү документти таппайсыңар, алар өлкөдө эмес [...] жаңы партия каттаткыла, көнүшкөн экен да даяр нерсеге», — деп билдирди Карамушкина.

12-сентябрда КСДПнын «Форум» имаратында жайгашкан кеңселеринде Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү тинтүү жүргүзүп, ал эми Атамбаевдин тарапташтарын иш орундарына киргизүүдөн баш тартышкан.

КСДП vs. «Атамбаевсиз КСДП»

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылы экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун араздашуусунун шартында 2018-жылдын ортосунда пайда болгон.

Апрель айында Алмазбек Атамбаев Юстиция министрлигинин маалымат базасындагы КСДПнын жетекчилигинен жоголуп кеткен — аны Сагынбек Абдрахманов жазылып калган. Абдрахманов Атамбаевден өзүнө партиянын уставын, мөөрүн жана кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүн өткөрүп берүүнү талап кылган.

Кийинчерээк Башкы прокуратура Юстиция министрлигинин базасында жетекчинин ысымы алмашып кеткендигине байланыштуу иликтөө баштаган.

Атамбаев жана Жээнбековдун араздашуусу өлкөнүн эң ири партиясын ыдыроого алып келген. КСДП өзүн учурдагы бийликтин оппозициясы деп жарыялаган, бирок фракциядагы депутаттардын көпчүлүгү Жээнбековду колдошот.