Максат айылынын дээрлик бардык тургундары үйлөрүнө кайтып келишти

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердигулова «Клоопко» курган маегинде билдиргендей, тургундардын айрым бир бөлүгү 16-сентябрда болгон атышуудан кийин дароо эле үйлөрүнө кайтып келишкен, ал эми айылдыктардын калганы 18-сентябрда кайтып келүүнү чечишкен.

«Дээрлик бардыгы кайтып жатышат. Буга чейин адамдар өз алдынча коопсуздук максатында Эски оочу айлынын мектебине чогулуп жатышкан [...] атышуу бүтүп, кырдаал тынчыгандан кийин [тургундар] үйлөрүнө кайтып башташкан», — деди Бердигулова.

Жергиликтүү тургундар Максат айылына жашоочулардын 80% кайтып келгенин 24.kg маалымат агенттигине билдиришти.

«Албетте, мектепте балдар азыраак, ар бир класста дээрлик үч-төрттөн бала жок», — деп айтып беришкен алар.

Айылдын тургундары кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрь күнү кечке жуук орун алган ок атышуунун айынан үйлөрүн калтырып кетүүгө мажбур болушкан. Куралдуу жаңжалдын натыйжасында бир кыргыз жана үч тажик аскери каза тапкан.

Кыргыз бийлиги жаңжалдын айынан 13 адам, ал эми тажик бийлиги 12 адам жарадар болгонун кабарлашкан. Эки мамлекеттин бийлиги орун алган окуя үчүн күнөөнү бири-бирине оодарышып, элчилерге каршылык ноталарын тапшырышкан. Ал эми премьер-министрлер чек арага чектеш аймакта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.