Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын финалында чемпион деп эсептелинген болгариялык Тайбе Юсейнди 5:3 эсебинде утту. Муну менен ал дүйнө чемпиону наамын алган Кыргызстандагы алгачкы адам болду.

Нур-Султан шаарында күрөш боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында кыргыз спортчусу 62 кг салмактагы категорияда күч сынашкан. Тыныбекова буга чейин мексикалык Алехандра Ромеро Бонилланы жана жапониялык спортчу Юкако Каваини жеңген.

Тыныбекова турнирдин чейрек финалында украиналык атаандашы Юлия Ткач-Остапчукту утуп, автоматтык түрдө 2020 жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ала алды. Кыргызстандык спортчу жарым финалда Түндүк Кореянын спортчусу Жонг Сим Римди жеңген.

Айсулуу Тыныбекова — күрөштүн эркин стилиндеги балбаны жана Азиянын үч жолку чемпиону. Ал буга чейин Олимпиада оюндарына эки жолу катышып, бирок медал алган эмес.

Мурдараак 2020 жайкы Олимпиада оюндарына катышуу лицензиясын башка кыргыз спортчулары да алган: сүзгүч Денис Петрашов, балбан Атабек Азизбеков жана жеңил атлетчи Юлия Андреева.