Кыргызстан менен Тажикстан талаштуу тилкелерде курулуш жүргүзүүнү токтотууну макулдашышты

Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы 20-сентябрда маалымдагандай, эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары сүйлөшүүлөрдөн кийин «бир катар макулдашууларга» жетишишкен.

«Эки мамлекет тең чек ара аймактарынан аскердик техника менен аскерлерди чыгарып кетүү боюнча чечим кабыл алынды. Ошондой эле тараптар чек арадагы такталбаган тилкелерде курулуш иштерин жүргүзүүнү токтотууну макулдашты», — деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт башчыларынын тапшырмаларына ылайык, чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары «чек ара маселелерин чечүүнүн үстүндө ишти күчөтүшөт».

Өкмөттөн кабарлашкандай, кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу; чек ара чырынын айынан үйлөрүн таштап кеткен Максат айлынын туругундары кайра кайтып келишти.

«Эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чек арага жакын жайгашкан аймактарды биргелешип күзөтүүдө», — деп кошумчалашты өкмөттөн.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал 16-сентябрь күнү кечинде курчуп кеткен. Эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда атышуу орун алып, натыйжада бир кыргыз жана үч тажик аскери каза тапкан.

Дагы 13 кыргызстандык жаракат алып, алардын ичинен он адам дарылануу үчүн Бишкекке жеткирилген. Тажикстан тарабы 12 жабырлануучу тууралуу билдирген. Эки мамлекеттин бийлиги орун алган окуя үчүн күнөөнү бири-бирине оодарышып, элчилерге каршылык ноталарын тапшырышкан.