Ош мэриясынын аткаминеринин кримтөбөл Женго менен тартылган видеосу тарады

Социалдык тармактарда Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев менен Женго каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновдун жолугушуусу тартылган тасма тарады. Буга чейин Саркарбаев Фуркатта спортчуну тапанча менен аткан.

Тасманы «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков жарыялады. Анда Саркарбаев менен Досонов чогуу Ош шаардык ТИЗОнун кире беришинде коштошуп жатканы тартылган.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы (ЖАМК) Элеонора Сабатарова «Клоопко» мекеме ачыкка чыккан видео боюнча териштирүү баштаганын билдирди.

«Биз тасманы көрүп чыктык, учурда ал качан тартылганы такталып жатат. Ошол убакта Кадыр Досонов камакта болгонбу же жокпу аны аныкташ керек. Балким ал бирөөдөн кабар алганы келген», — деди Сабатарова.

Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» маалымдагандай, тасма шаардык ТИЗОдо тартылган. Анын айтымында, бирок тасма үч жыл мурун тартылган, аткени Досонов 2017-жылы тергөө абагынан чыгарылган.

«Ал жерде жолугушуу бөлмөлөрү бар, [Саркарбаев жана Досонов] ошол жактан чыгып жатышат. Тор эшиктен чыккандан кийин экөө эки башка тарапка кетишет. Бирөө — камерага, экинчиси — сыртка. Бул жакта жолугушууга уруксат кагазы алынганбы же жокпу ушуну такташ керек», — деди Сыдыков.

Кара-Суудагы атышуу

Саркарбаев Кара-Суунун Фуркат айылында 22-сентябрда болуп өткөн жаңжалда фигурант катары өтүүдө.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Ош мэриясынын аткаминери спортчу Төлөгөн Рахманберди уулун пикир келишпестиктен улам тапанча менен атып жиберген.

Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Анын абалы «орто» деп бааланууда. Кол салуу фактысы «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Саркарбаев спорт комитетин 2015-жылдан тарта башкарып келет.

Исаковдун маалыматы боюнча ал EREM спорт клубунун мүчөсү. Клуб Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык. Аталган үй-бүлө бажынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлктөрү тууралуу иликтөөдөн кийин белгилүү болгон.

Саркарбаевдин өзүн Матраимовдор менен байланыштырышат жана аны эң жакын адамдарынын бири катары аташат. Мурда аткаминер күрөштүн аралаш түрү менен машыгып, чемпионаттарда орундарды жеңип келген.