Кыргыз-казак чек арасында атайын операция учурунда УКМКнын кызматкерлерине кол салуу болду

УКМКнын кызматкерлери аларга кол салуу болгондо кыргыз-казак чек арасынын алдында ыкчам издөө иш-чаралырын жүргүзүп жатышкан.

Окуя 28-сентябрь күнү таңга маал саат 3:00дө «Чалдыбар-автожол» көзөмөл өткөрмө пунктунун алдында болгон. 24.kgнин булактарынын маалыматына ылайык, УКМКнын кызматкерлери аларга кол салуу болгондо көзөмөмөл өткөрмө пунктунун кызматкерин кармоого аракет кылышкан. Маалымат боюнча, кол салгандар жергиликтүү тургундар болушу ыктымал.

Атайын кызматтын өкүлдөрүнө кол салуу болгонун УКМКдан да, ИИББден да ырасташты. УКМКнын кызматкерлери таштар менен куралданып алган кол салгандардын соккуларынан анчейин маанилүү деле эмес жарааттарды алышкан. Ызы-чууну токтотуш үчүн чек арачылар асманга ок чыгарышкан.

УКМК жана ИИМ кол салгандарды кармоо боюнча биргеликте иш алып барышууда. «Спутниктин» маалыматы боюнча, операциянын УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жүргүзүп жаткан — анын кызматкерлери опузалап пара алуу үчүн Чек ара кызматынын өкүлүн кармоо аракетин көрүп жатышкан. Чек ара кызматы комментарийлер үчүн жеткиликсиз болуп, окуяга чек арасынын тиешеси-бар жогун тастыктап же төгүнгө чыгарууга мүмкүн болгон жок.