Ошто «Азаттыктын» журналисттеринин техникасы каракталды

«Азаттык» үналгысынын журналисттери 28-сентябрда саат таңкы 7лер чамасында Ошто материал тартышкан. Аталган аймак бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үйүнөн 200 метр алыстыкта жайгашканы маалым.

Басылманын расмий билдирүүсүнө ылайык, дрон менен шаарды тасмага тартуу маалында белгисиз адамдар пайда болуп «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго «Райымбек Матраимовду тартууга ким тапшырма берди?» деген суроо узатышкан.

Кийинчерээк алардын бирөөсү операторду кучактап туруп колундагы дрондун пультун жана телефонун жулуп алган. Андан соң дагы экөө келип унаадагы штатив менен видеокамераны алып кетишкен. Андан кийин дагы бир киши келип Кулчумановду суракка алган. Аталган окуядан соң дрон жоголуп кеткен. «Азаттык» үналгысы жалпы 1,5 млн сомдон ашуун чыгым келтирилгенин кабарлады.

Кулчуманов редакция менен саат 11:00 чамасында гана байланыша алган. Ошондо «Азаттыктын» жергиликтүү журналисти Ыдырыс Исаков Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовго чалган. «Клоопко» берген интервьюсунда Исаков Матраимов техникалык жабдыктарды кайтырып берүүнү убадалаганын билдирди.

Операторго кол салган адамдар милицияга келип арыз жазганы маалымдалууда. Алар «Азаттыктын» дрону түшүп кетип бирөөнүн башын жарганын билдиришкен. Жабдыктардын жарымын милицияга алып келишип ишке тиркешкен.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, аталган окуяга байланыштуу үч кишиден арыз келип түшкөн. Биринчи арызды таңкы саат 8де Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн тургуну жазган. Ал үйүнүн үстүнөн учуп жүргөн дронго нааразычылыгын билдирип, милициядан видеотасма тартуу менен оператор турак жайдын тургундарынын жеке жашоосуна кийлигишип жатканын, ага карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Андан кийин укук коргоо органдарына «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов кайрылган. Кечке маал саат 8дер чамасында милицияга дрондон денесине жаракат алганын айткан тургун арыз жазган. «Азаттыктын» маалыматы боюнча ушул эле саатта милицияга алардын жабдыктарын алып келишкен.

Окуя боюнча Ош ШИИБси «Адамдар тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык» деген негизде кылмыш ишин козгоду.