Чек ара чырына байланыштуу митингдин уюштуруучусу милициянын кысымына арызданды

Бул тууралуу Урмат Жаныбаев өзүнүн фейсбуктагы барагында билдирди.

«Өткөн жумада, бала бакчадагы үч жашар кызыма штаттык [кийимчен] милициянын кызматкери келип, кызым жана биз тууралуу баарын сураштырып баштаган», — деп жазган ал.

Жаныбаевдин айтымында, бала бакчанын администрациясы балдар жөнүндө маалыматтын жашыруундуулугуна таянуу менен анын үй-бүлөөсү тууралуу милициоонерге эч нерсе айтып берген эмес.

«Мен муну үй-бүлөмдү ачык коркутуу катары сыпаттайм, эмне кылаарымды билбей турам, анткени алар эң эле талылуу жерге сокку кылып жатышат — балдарым менен жакындарыма», — деп билдирди Жаныбаев.

Ал кошумчалагандай, мындан тышкары милиционерлер « бир алдамчы кишини издеп жатабыз деген шылтоо менен» анын апасына да келишкен.

«Баткен чек арасы боюнча митингдин башка катышуучуларына карата да чыныгы куугунтук башталган — [милиционерлер] ата-энелерге, үй башына, кошуналарга келип [...] ушул митингден чет өлкөлүк изди табууга аракет кылып жатышат», — деп кошумчалады Жаныбаев.

Бишкек ИИББнин басма сөз кызматынан «Клоопко» кабарлашкандай, Жаныбаевдин коомдук тармактагы билдирүү фактысы боюнча текшерүү башталды.

«Бул чын эле милиция кызматкерлери болушканбы же жокпу аныктайбыз», — деп айтышты басма сөз кызматтан.

Урмат Жаныбаев Бишкекте 17-сентябрда болуп өткөн митингди уюштуруучусу болгон. Митинг кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан улам уюштурулган. Чек арадагы ок атышуунун жүрүшүндө бир кыргыз менен үч тажик аскери каза тапкан.

Митингге чогулгандар бийликтен «кандайдыр бир жер берүү же алмашуу сыяктуу эпке келүүлөрсүз жаңжалды жөнгө салуу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүүнү» талап кылышкан. Анда милиция пикеттин төрт катычуусун кармап, кийинчерээк аларды кайра коё берген.