УКМКнын экс-башчысы Бусурманкул Табалдиев Интерполдун эл аралык издөөсүнө жарыяланды

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 1-октябрда маалымдагандай, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы башчысы Бусурманкул Табалдиев Интерполдун күчүн тартуу менен эл аралык издөөгө жарыяланган.

Табалдиев — кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча шектүүлөрдүн бири. Батукаев 2013-жылы абактан бошотулуп, Кыргызстандан чыгып кеткен.

УКМКнын мурдагы башчысы бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кайра жандандыргандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. ИИМ ага 15-июлда издөө салган.

Батукаев лейкоз менен ооруйт деген маалым каттын негизинде бошотулган. Бирок кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон.

Бийлик 2019-жылдын жазында Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу ишти жандандырган. Бул мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик жана кол тийбестик макамдан ажыратууга бирден бир негиз болуп берген. Андан кийин ага айыптар тагылып, ал кармалган.

Ошондой эле бул иш боюнча ЖАМКтын экс-башчысы жана депутат Зарылбек Рысалиев, мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова менен Индира Жолдубаева, экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева жана башкалар өтүшүүдө.