Жогорку сот фейсбуктагы пикири үчүн соттолуп жаткан мугалимди актады

1-октябрда Кыргызстандын Жогорку соту «улуттук кастыкты козутууга» айыпталып жаткан Темир Болотбекти толугу менен актады.

«Темир Болотбек биринчи жана экинчи инстанциядан акталганына карабастан прокуратура ошол чечимдерди буздуруу үчүн Жогорку сотко чейин барды. Бүгүн Жогорку Соттун соттук коллегиясы аны актады. Абдан кубанычтабыз, себеби ал жазган сөздөр улут аралык кастыкты жаратпайт», — деп билдирген «Азаттыкка» активист Рита Карасартова.

УКМК 2018-жылы февралда Болотбекке каршы иш козгогон. Тергөө ал фейсбуктагы пикири менен улут аралык кастыкты козуткан деп эсептеген (комментарийлердин грамматикасы менен тыныш белгилери сакталды): «Почему бы вам всем любителям совка не свалить в рашку, куда нибудь в Сибирь, там много унылого говна, нищего и рабского» («Совокту жакшы көргөндөр эмне үчүн силер "рашкага", кайсы бир Сибирге, кетип калбайсыңар, ал жакта кулчулуктуу жана жакыр муңдуу заңдар көп»).

Болотбек өзү этиканы бузганын мойнуна алган, бирок кастыкты козутуу айыптоолору менен макул болгон эмес. Ушул иш боюнча үч лингвистикалык экспертиза өткөрүлгөн, бирок мугалимдин сөздөрүндө кастык билдирүүлөр табылган эмес.