Кызыл-Кыя — Фергана кичи автобусттар каттамы ишке кирди

Кызыл-Кыя — Фергана кичи автобусттар каттамы. Сүрөт: Кызыл-Кыя мэриясы

6-октябрдан баштап Кыргызстан менен Өзбекстандын Кызыл-Кыя жана Фергана шаарларын бириктирген каттам иштей баштады. Каттамды тейлөө үчүн эки өлкөдөн төрттөн кичи автобус дайындалды. Жол кире бир тарапка 65 сомду түзөт.

«Аталган каттам менен Кызыл-Кыя шаарынын тургундары гана эмес, Кадамжай, Ноокат жана Араван райондорунун жашоочулары да пайдалана алат. Себеби шаар ушул үч райондун ортосунда жайгашкан», — деп билдирди «Клоопко» Кызыл-Кыянын мэри Эркинбек Топчубаев.

Топчубаев жаңы каттам эки өлкөнүн ынтымагын бекемдөө максатында ачылганын кошумчалады.

25-сентябрда Ош — Анжиян, Анжиян — Ош багыты боюнча кичи автобустар каттамы ишке кирген.