«Президенттин Атамбаевди кармайын деген ою болгон эмес» — экс-башкы прокурор Бекназаров

Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбековдун Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен болгон жолугушуусунда экс-президент Алмазбек Атамбаевди ТИЗОдон бошотуу тууралуу да маселе көтөрүлгөнүн билдирди.

Бекназаров Жээнбековго мурдагы президентти үй камагына коё берип, аны кайтарууга алынган «Ала-Арча» мамрезиденциясынын аймагына жайгаштырууну сунуштаган.

«Кыргыздарда эч качан өз башкаруучуларын соттошкон, камакка алышкан эмес. Биздин заманбап тарыхта начар окуя башталды. Мындан улам мен Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу сунуш киргизгем. Кантсе да ал биздин мурунку президентибиз», — деп билдирди Бекназаро.

Мурдагы башкы прокурор кошумчалагандай, бул сунушту Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү колдошкон эмес, ал эми Жээнбеков «анда Атамбаевди кармоо боюнча ою да жок болчу» деп билдирген.

«Президент белгилеп өткөндөй, тергөө органдары Атамбаев суракка келет деп күтүшкөн, ошондой эле Атамбаев Москвага учуп жатканда да тоскоол болушкан эмес. “Эми мен кийлигише албайм, тергөө менен сот чечишсин”», — деп келтирет Бекназаровдун айткандарын 24.kg маалымат агенттиги.

Атамбаевди кармоо

Алмазбек Атамбаев августтун биринчи жарымында жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында кармалган. Спецназ аны ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу иш боюнча ИИМдин сурагына үч жолу келбей койгондон кийин күч менен кармаган.

Мурдагы президенттин үйүн штурмга алуу эки күнгө уланып, анда УКМКнын спецназынын аскери Үсөнбек Ниязбеков курман болгон. Жалпысынан 100гө чукукл адам ар кандай жарааттарды алышкан.

Мурдагы президент УКМКнын ТИЗОсуна киргизилип, тергөө ага бир нече иш боюнча, анын ичинде коррупцияга байланыштуу айыптарды таккан. Атамбаев 26-октябрга чейин сот чечимнин негизинде камакта калтырылган.