Жолтандабастар Кадамжай милициясынын короосунда тапшырылганы тастыкталды

Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы Дамира Юсупова Chevrolet Suburban үлгүсүндөгү эки жолтандабасты Кадамжай РИИБинин короосуна 7-октябрь күнү кечке маал алып келишкенин «Клоопко» кабарлады. Юсупованын айтымында, ал автоунааларды милиция бөлүмүнө эмне үчүн алып келишкенин билген эмес.

«Очередная ложь МВД?» Вчера пресс-служба УВД Баткенской области заявляла, что два джипа, принадлежащих бывшему телохранителю Алмазбека Атамбаева Эркину Мамбеталиеву, были остановлены для проверки, а позже оштрафованы за тонировку и возвращены их владельцу (https://24.kg/obschestvo/131784_djipyi_otmambetalieva_vladeltsa_oshtrafovali_zatonirovku_ivernuli_mashinyi/)Однако, на этом видео НЕ видно, чтобы кем-либо из сотрудников милиции составлялся соответствующий протокол о нарушении ПДД, а по моему на лицо торжественное вручение этих автомашин?Когда уже МВД начнет говорить ПРАВДУ?

Posted by Искен Афиджанов on Wednesday, October 9, 2019

Юсупова болуп жаткан иш-чаранын «жанынан жөн гана өтүп кетип жатканын жана аскер кийимчендер аны сүрөткө тартып коюну суранышканын» айтты.

«Ал жактагы формачан аскерлерди мен тааныбайм да. [Кандай иш-чара] болгонун да айта албайм. Эркин Мамбеталиевди дагы тааныбайм», — деп түшүндүрдү басма сөз катчы.

Тасмадан аскер формачан адам Кадамжай РИИБинин башчысына басып келип учурашканын көрүүгө болот. Андан кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-жансакчысы Эркин Мамбеталиевге түспөлдөш киши аларга кайсы бир документтер менен автоунаалардын ачкычтарын тапшырат.

«Бул менден белек, менин үй-бүлөмдөн [...] Калган документтерди ИИМ аркылуу тигил жактан алабыз. Биз муну жарнама деле кылбай эле коёлу дегенбиз, тигил жактан чоңдоруңар болбой койду [...] Кийин ушул бир нерсе болуп, эки-үч баланын жанын сактап кала турган болсо, мага ошол жетет», — деп айткан ал видеодо.

Ачкычтар берилгенден кийин Мамбеталиевге окшош киши чогулгандардан бата берүүнү суранат.

ИИМдин басма сөз кызматынан «Клооптун» видеого комментарий берүү суранычынан баш тартышып, суроо менен Баткен ОИИБине кайрылууну айтышты. «Клооптун» кабарчысы Кадамжай РИИБинин жетекчиси менен байланышууга аракет кылганы менен ал комментарий берүүгө жеткиликсиз болду.

Милиционерлер үчүн белек

Мурдараак коомдук тармактарда Эркин Мамбеталиев милиция кызматкерлерине эки жолтандабас белек кылганы кабарланган. Чек ара кызматынан сүрөткө караганда унаалар Баткен облусунда жайгашкан ИИМдин ички аскер бөлүгүнө тапшырылганын билдиришкен.

ИИМден Мамбеталиев жолтандабас белек кылгандыгы тууралуу маалыматты «жалган» деп аташкан. Министрлик тараткан маалыматка ылайык, бул эки жолтандабас «Баткен облусунун Кадамжай районунун кайгуул кызматы тарабынан алдыңкы айнектери караңгылатылгандыгы үчүн токтотулган». Милиция кызматкерлери протокол түзүп, унаа ээсине штраф салышкан.

Мамбеталиев 2005-жылга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон. Аны кримтөбөл Рыспек Акматбаев менен байланыштырышат.

«Азаттык» үналгысынын маалыматына караганда, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп эсептелет. Мамбеталиев 2005-жылы сегиз адамды өлтүрүүгө шектелип, сот аны үч адамды өлтүрүү айыбы боюнча өмүр бою эркинен ажыраткан.

Мамбеталиевдин туугандары менен адвокаттары анын күнөөсү жоктугун айтышып, 2010-жылы бул иш жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра каралган. Ал иш кайра каралгандан кийин коё берилген.