Майып адамдар социалдык объекттерди долбоорлоого катышышат — Бишкек

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасы менен «Келечек плюс» фондунун активисттери кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Мындан ары алар муниципалитет менен биргеликте «ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык объекттерге жеткилик алуу укугун жүзөгө ашыруу маселесин чечишет». «Бишкек башкы архитектурадан» «Клоопко» кабарлашкандай, мындай объекттердин катарына мектептер, ооруканалар, театрлар, фонддор жана башка жайлар кирет.

«Өз ыйгарымдарыбыздын алкагында, эгер бузуулар болсо аларды жойдуруу максатында маморгандарга кайрылууга жана кат жазууга көмөк көрсөтөбүз», — деп билдиришти муниципалитеттен.

Ошондой эле «Келечек плюс» фондунун мүчөлөрү мэриянын кызматкерлери үчүн адам укуктары жана майып адамдардын муктаждыктарын туура түшүнүү боюнча тренингдерди өтүшмөкчү.

Буга чейин мэриянын дарегине майым адамдар үчүн ыңгайлуу чөйрөнүн жоктугуна байланыштуу арыздануулар түшүп турган. Мисалы, Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде орун алган жер өтмөктөрүндөгү электр көтөргүчтөр лифтчинин жардамы менен ачкыч аркылуу гана иштейт — 2019-жылдын августуна карата бир гана майып кызда көтөргүчтү күйгүзүү үчүн өз ачкычы болгон.

УКМК иштебей турган электр көтөргүчтөр боюнча текшерүү иштерин баштаган. Алардын маалыматына ылайык, мэрияга караштуу капиталдык курулуш башкармалыгы жер өтмөктөрүнүн ремонтунун баасын кымбаттатып койгон. Ал эми мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 376 миң сомду түзгөн.