Ош окуясынан кийин турак жай алган 100дөн ашуун үй-бүлө батирин менчиктештире элек

Июнь окуясынан кийин берилген батирлер. Сүрөт: Эрнист Нурматов / Azattyk

Ош мэриясынын турак жай департаменинин директору Таймураз Исакжанов «Клоопко» Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь окуясынан жабыркаган 132 үй-бүлө батирге ээлик кылуу документтери жок жашап жатышканын билдирди — бул жалпы батир алгандардын 22 пайызын түзөт.

Анын айтымында, буга тургундардын документ алууга кызыктар болбогону себеп. Анткени арасында жасалма документтерди тапшырып батир алгандар да бар.

«Негизи батирлерди менчиктештирип алуусу үчүн тургундарга кайрылып, билдирүүлөдү жасап келе жатабыз. Бирок алар бизге кайрылбай жатышат. Батир алгандардын арасында "июнь окуясына тиешеси жок" деп табылгандары да болгон. Азырынча маалыматтар бар, бирок далилдене элек. Эгер далилденсе анда аларга кылмыш иши козголот», — деп түшүндүрдү Исакжанов.

Директор кошумчалагандай, департаменттин батир алгандардын документтерин текшерүүгө укугу жок. Мекеменин функциясына турак жайды менчиктештирип берүү укугу гана жүктөлгөн.

Ош мэриясы учурда ишкер Жалил Атамбаевдин жакындарына берилген төрт батирди кайтаруу аракетин көрүүдө. 2018-жылы Жогорку сот Атамбаевге батирлер мыйзамсыз берилгенин аныктаган. Жергиликтүү бийлик тараткан маалыматка ылайык, ишкер көбүрөөк батир алуу үчүн июнь окуясында өрттөнгөн турак жайын төрт тууганына арткы дата менен каттаткан.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясы тарабынан 2012-жылы жалпы 1186 батирге ылайыкташкан 20 көп кабаттуу үй курулган. Июнь окуясында жабыркагандарга жалпысынан 577 батир берилген. Артып калган батирлердин 396сы ипотекага берилген, 160ы мамлекеттик кызматтагыларга жана 53 турак жай ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге бөлүштүрүлгөн.