Сот депутат Асел Кодуранованы үй камагына алды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 9 октябрда кечке жуук Асел Кодуранованын баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына алуу чечимин чыгарды.

«Прокуратура Асел Кодурановага белгилүү бир адамдар менен баарлашууга тыюу салууну, ошондой эле телекоммуникациялык байланышты чектөөнү суранды. […] Жыйынтыгында сот чектөө саатын киргизүү менен үй камагына алуу чечимин чыгарды. Менин коргоого алган адамыма кечки 10дон таңкы 6га чейин үйдөн чыгууга болбойт», —деп билдирген Кодуранованын жактоочусунун 24.kg басылмасына.

Ал Кой-Таштагы чыр-чатак учурунда аскерлерди барымтага алууга шектелүүдө. Анда күч кызматкерлери өз үйүндө коргонуп жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция жүргүзүшкөн.

УКМКнын «Альфа» атайын багыттагы бөлүгүнүн аскерлери биринчи штурмду 7-августта өткөрүшкөн. Бирок анда алар Атамбаевди кармай алышкан эмес. Бир нече сааттан кийин багынууга аргасыз болушкан, ошондо алты спецназчы барымтага алынган. Алар бир нече саттан кийин гана коё берилген.

Буга чейин сот Атамбаевдин башка тарапкери, парламенттин депутаты Ирина Карамушкинаны да үй камагына коё берген. Ал дагы аскерлерди барымтага алууга шектелүүдө.