Аткаминерлер жеке менчик ишканалардын ачылыш аземине эмнеге катышкан?

Маданият министри, депутаттар жана аткаминерлер 12-октябрда Ош шаарында жаңы Jannat Resort Osh отелинин ачылышында салтанаттуу түрдө лента кесишкен. Эртеси күнү өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев да лента кесүүгө катышты — ал Бишкекте жаңы Dasmia фитнес клубун ачты.

Сентябрдын аягында президент Сооронбай Жээнбеков да эл аралык Sheraton мейманканасынын ачылышына катышкан. Биз аткаминерлерден эмне үчүн алар жеке менчик ишканалардын ачылуу аземине катышып жүрүшкөнүн сурап көрөлү деп чечтик.

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов

«Мени чакырышты, биздин аймакта ачышты. Бардыгыбыз бардык, мен гана эмес — ал жакта Ош облусунун губернатору, шаар мэри, Жогорку Кеңештин депутаттары жүрүштү. Мени отелдин ээси Бозулан [Мамазаиров] өзү чакырды. Конок катары жүрдүм. Бул деген ички инвестиция да, ал жакка беш миллион доллар салышты, бул инвестиция, бул район үчүн жакшы, ал жерде киреше салыгы бар. Биз бири-бирибизди тааныйбыз. [Jannatтын башчысы] досум эмес, ал менден кичүү. Ал мени Кара-Суу районунун башчысы катары чакырды».

Депутат Улугбек Ормонов

«Бюджетке толуктоолор, жаңы жумуш орундар болот. Ал жакта бүгүнкү күндө 30дан ашык адамды жумушка алышты. Толук ишке киргенден кийин дагы 50гө чукул адам ал жакта иштейт. Ошол 50 адам кетпестен эле иштегени, мекенинде калганы силерди оюңарча туура эмеспи? Мен өндүрүшкө же мына ушундай иш орундары түзүлгөн жерлерге ыракаттануу менен келем. Отель Кара-Суу районуна карайт. Бюджетке болгон ушундай чегерүүлөр менен биз районду көтөрүп жатабыз. Бизде Өзбекстандыкындай өзүбүздүн [орусиялык бизнесмен Алишер] Усановубуз жок болсо да, мына мындай адамдар бар. Jannat — бул кыргыз бренди. Ал отелдердин санын Кыргызстанда эле эмес, чет өлкөдө да көбөйтөт деп ойлойм».

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев

«Dasmia этно комплексинде BIFF-2019 финансылык форуму өтүп жатыптыр. Форум бизнесмендер тарабынан уюштурулган. Алар өкмөт башчысын катышууга чакырышкан. Ал форумдан сөз сүйлөп чыгып, алардын атайын көрсөтмөсүнө барды. Ал жактан өкмөт башчысы форумдун катышуучулары менен сүйлөшүп, анан форумдун бир нече катышуучусу ага лентаны чогуу кесүүнү сунушташты. Бул эки кадам жерде эле. Ал эл чогулуп турганын көргөн, өтүп барып лентаны кесип коюп кетип калган», — деп билдиришти өкмөттөн.

Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов

Мэрдин өзү менен байланыша албаганыбыз менен мэриянын басма сөз кызматынан отелдин ачылышына барышпаганын, себеп дегенде иш-чара дем алыш күндөрү болгонун «Клоопко» билдиришти. «Бул Ош менен чектешкен Кара-Суу районунда болгон — балким ошондуктан. Бирок биз так маалыматка ээ эмеспиз», — деп кабарлашты мэриядан.

«Клооптун» редакциясы Оштогу Jannat отелинин ачылышына катышкан маданият министри Азамат Жаманкулов, депутат Төрөбай Зулпукаров жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев менен байланыш алган жок.