Бишкекте чет элдик студенттер медакадемиянын жанында мушташып кетишти

Инстаграмда 14-октябрда Эл аралык медициналык университеттин жанында чет элдик студенттердин мушташуусу тартылган видео тараган. Андан кийин көп өтпөй эле видео өчүрүлгөн.

Октябрь РИИБинен мушташ болгонун «Клоопко» ырастап беришти. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.

«АКИпресс» басылмасы университетке таянып билдиргендей, студенттер Пакистандын жарандары болуп эсептелет. Жалпысынан мушташка 10 адам катышкан. Универститеттин администрациясы окуяны «турмуштук жаңжал» деп атады.

«Бул кокустан болуп кетти. Бул турмуштук эле уруш, кимдир бирөө бирөөсүн сабап, алар эшикте өз ара маселе чечише башташкан, бирөөлөрү өздөрүнүн, башкалары да өз адамдарын чакырышкан. Бирок ал жакта мушташ деле болгон эмес. 10го чукул адам кыйкырып, урушуп жатышкан. Андан кийин милиция келди», — деп айтып беришти университеттен.

Октябрь РИИБинин басма сөз кызматкеринин маалыматына ылайык, милицияга мушташты көруп турган адамдарды кошуп 30га чукул адам алынып келинген. Араздашуудан кийин милиция мушташты козуткандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.