Ош: Кылмыштуу топтун мүчөсү 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары милициянын тизмесинде турган Ош облусунун 38 жаштагы тургуну зордуктоого шектелүүдө. Эл арасында ал «Казак» аттуу каймана аты менен белгилүү.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» билдиргендей, 12-октябрда милицияга өспүрүм кыздын атасы кайрылып «Казактын» үстүнөн арыз жазган.

«Ош шаарындагы окуу жайлардын биринде билим алып жаткан кыздын атасы өз арызында, шектүү кызын унаасы менен жеткирип коём деп, Манас-Ата районундагы талаага алып барып, күч колдонуп зордуктап койгонун жазган. Окуя 6-октябрда болгону кабарланууда», — деди Сыдыков.

«Казак» (мурунку аты Эрнис Казаков, учурда аты-жөнүн өзгөрткөн) 9-октябрда шаардагы түнкү клубдардын биринде 1996-жылкы жигиттин ден соолугуна залал келтирүүгө шектелип кармалган. Сот анын баш коргоо чарасын карап чыгып, сотко чейинки өндүрүш учурунда абакта кармоо чечимин чыгарган.

Укук коргоо органдарынан Казаков өспүрүм курагынан бери милициянын көзөмөлүндө турганын, буга чейин «уурулук» жана «каракчылык» беренелери менен соттолуп чыкканын билдиришти.