ИИМ: Ниязов Кой-Таш окуясына байланыштуу тергөөгө катышуудан баш тартты

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги маалымдагандай, мурдагы президенттин тарапташы Фарид Ниязов «жеке чечиминин негизинде» тергөөгө катышуудан баш тартты. Буга чейин КСДП тергөөчүлөрдү Ниязов менен анын адвокатын Кой-Таштагы жаңжалды иликтөө боюнча экспертизанын материалдары менен тааныштырбай койгон деп айыпташкан.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Фарид Ниязов 5-сентябрь күнү эле тергөө амалдарына катышуудан өзү баш тарткан. Анын адвокаты Улан Индикеев Ниязовдун тергөөгө катышуудан баш тартуусуна жеке өзү кол койгон.

«Ушуга байланыштуу, тергөөнүн аны дайындалган экспертизалар жана анын корутундусу менен таныштырууга мүмкүнчүлүгү болгон жок.

Тергөө кызматы бүгүнкү күнгө чейин шектүү Ф.Ниязовго тиешелүү бардык кылмыш иштердин материалдары менен танышуусуна тоскоолдук кылган эмес жана тоскоолдук кылбайт», — деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.

КСДП сот Ниязовдун «тергөө тобунун аракетсиздигине» даттанган кайрылуусун канааттандырды деп 15-октябрда кабарлаган.

«Тергөөчүлөр шектүү Фарид Ниязов менен анын коргоочусун экспертизаларды дайындоо тууралуу токтомдор менен тааныштырган эмес, ошону менен алардын “Ишке катышкан адамдардын укуктарын түшүндүрүү жана камсыз кылуу милдети” жана “Адистин катышуусу” беренелери боюнча укугун одоно бузушкан», — деп билдиришкен КСДПдан.

КСДПнын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева «Клоопко» кабарлагандай, эгер Ниязов тергөө аракеттерине катышуудан өзү баш тарткан болсо, анда ал сотко кайрылмак эмес.

«Ага экспертиза дайындалып жана өткөрүлгөндүгү тууралуу кабар да беришкен эмес, ошондуктан алар сотко кайрылышкан. [...] Эгер аракеттери [тергөөчүлөрдүн] мыйзамдуу болгондо, сот мындай чечим чыгарбайт эле да», — деди ал.

Фарид Ниязов Алмазбек Атамбаев августтун башында Кой-Таштагы үйүндө эки күнгө созулган каршылык көрсөтүүдөн соң бийликтин колуна түшүп бергенден кийин кармалган.

Ниязов 9-декабрга чейин ТИЗО-1ге киргизилген, тергөөчүлөр аны «Массалык башаламандыктарды уюштуруу» жана «Барымтага алуу» боюнча шектеп жатышат. Атамбаевдин тарапкерлери УКМКнын спецназчыларын туткунга ала алышкан. Бул спецназчылардын 7-август күнү кечинде мурдагы президентти кармоо боюнча аракеттеринен майнап чыкпай калгандан кийин болгон.