ЖМК: Депутат Примов туулган айлына арка курууга 9 млн сом бөлдү

Ош облусунун Гүлчө айлында 15-октябрь күнү калктуу конуштун кире беришинде арканын ачылышы болуп өттү. Kaktus Mediaнын маалыматына ылайык, депутат Улан Примов аны курууга 9 млн сом бөлүп берген.

«Бул айылдаштарым үчүн белек. Алай районунун да өзүнүн көркүнө көрк кошкон жайлары болушу керек деп эсептейм», — деп жазган Примов фейсбук барагында.

Бирок Примов арканы курулушу канча турганын жазган эмес.

Курулуштун ачылыш аземине биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана Алай районунун 500гө жакын тургуну келишкен.

Арканы куруу иши 2016-жылы башталган. Башында аны курууга жергиликтүү бийлик акча бөлүүнү пландаган. Бирок алар сунуштаган каражат арка орнотууга жеткен эмес.