Ноокат: Бала бакчанын менчиктештирилип кеткен жер тилкеси кайтарылды

Ош облусунун Ноокат райондук прокуратурасынан «Клоопко» маалымдашкандай, Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү бала бакчанын 15 сотук жери 2005-жылы мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен.

«Ош облустук райондор аралык сотуна токтомду жокко чыгаруу боюнча доо арыз менен кайрылганбыз. 2019-жылдын 9-сентябрында аталган жер тилкеси айыл өкмөттүн карамагына өттү», — деп түшүндүрүштү ведомстводон.

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Сатарали Минбаев «Клоопко» бала бакчанын жери кайратылганын тастыктады.

«Союз убагында бала бакчага деп бөлүнгөн 15 сотук жер картага түшпөй калып кеткен. Бош турган жерге токтом чыгып менчикке берилген. Ал убакта мен бул кызматта эмес элем», — деди Минбаев.

«Азаттык» үналгысынын маалыматы боюнча Кыргызстандагы 2-6 жашар 800 миңдей баланын 24% гана бала бакчага барат. Бирок премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын 28-июнунда өлкөдө мектепке чейинки курактагы балдардын бала бакча мекемелери менен камсыз болуусу 40% түзгөнүн билдирген.