Ош: Туристтик милициянын кызматкери «зордуктоого аракет кылган» деп шектелүүдө

Ош шаардык милициясына 16-октябрда туристтик милициянын кызматкери «зордуктоого аракет жасады» деген арыз менен 32 жаштагы аял кайрылган. Өз арызында ал окуя ошол эле күнү калаадагы кинотеатрлардын биринин жанында саат 16:30дар чамасында болгонун билдирген.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» маалымдагандай, туристтик милиционер ага коюлуп жаткан айыптоолорду төгүндөөдө.

«Арыздануучу мурун милиционердин сүйлөшүп жүргөн кызы болгон экен. Шектүү арыздануучу учурдагы сүйлөшкөн кызына кызганып, ушундай кадамга барды деп жатат. Азыркы учурда экспертиза дайындалды», — деп билдирди ал.

Сыдыков кошумчалагандай, укук коргоо органынын кызматкери кызматынан четтетилген жок жана бул маселе экспертизанын жыйынтыгы менен каралышы мүмкүн.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «зордуктоого аракет кылуу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

2019-жылдын июль айында Ош шаардык кайгуул-көзөмөл кызматынын батальонунун астында туристтик милиция взводу түзүлгөн. ИИМден туристтик милициянын негизди милдети чет элдик туристтердин коопсузугун жана укуктарынын сакталышын камсыздоо деп маалымдашкан.