Илмияновду 7,5 жылга эркинен ажыратуу сунушталды

Прокурорлор 23-октябрда Икрамжан Илмияновду жети жарым жылга эркинен ажыратууну суранышты. Илмиянов — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкери.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда өткөн тараптардын жарыш сөзүндө прокурор Илмияновдун күнөөсү толугу менен далилденгенин билдирди. Мындан тышкары, тергөө Илмияновдун мүлкүн конфискациялоону жана ага 180 миң сом айыппул салууну суранды.

Бийлик Илмияновду «алдамчылык жол менен» 150 миң долларды ээлеп алууга шектеп 2018-жылдын сентябрында ага каршы кылмыш ишин козгогон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Илмиянов Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы президенттик штабынын жетекчисинин орун басары болуп турганда, 2017-жылдын августунда, «Дизель комплект» компаниясынан «демөөрчүлүк жардам» жана «сыйакы» түрүндө 150 миң доллар алган.

Атамбаев жана анын КСДП партиясы Илмияновго каршы тергөөнү «саясий жүйөөлөнгөн» деп атаган.

Илмиянов 2009-жылы Атамбаевдин жеке айдоочусу, ал эми 2010-жылдагы революциядан кийин жардамчысы болгон. 2011-жылы Атамбаев президент болуп турганда президенттик аппараттын башчысынын орун басары кызматына дайындалган. Аталган кызматтан аны «Кечки Бишкек» гезитинин имаратын басып алууга айыпташкандан кийин 2015-жылы кеткен.

Кийинчерээк ал көк-бөрү федерациясын башкарган, ошондой эле Атамбаевдин коомдук башталышта кеңешчиси болуп иштөөнү уланткан.