Казакстандан Кыргызстанга түтүктөр аркылуу күйүүчү май мыйзамсыз ташылганы аныкталды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан (финпол) 23-октябрда билдиришкендей, Чүй облусунун Кең-Булуң айылында жер астына көмүлгөн түтүк табылган. Анын узундугу болжолдуу үч километрге барабар.

Тергөөнүн версиясы боюнча, түтүктүн жардамы менен Казакстандан Кыргызстанга күн сайын 100 тоннадан ашуун күйүүчү май ташылып турган. Мындан тышкары, күйүүчү майды сордуруп алууга керектелген каражаттар табылган. Анын ичинде насос, идиш жана башка буюмдар бар болгон.

«Кылмыштуу схеманы уюштургандар мамлекетке канча зыян алып келгенинин так суммасы такталууда. Мындан сырткары, буга тиешеси бар мамлекеттик органдарда иштеген тараптар аныкталууда», — деп билдиришти финполдон.

Өкмөттүн басма сөз кызматы 23-октябрда Кыргызстанга автотранспорт менен мунай жана мунайзаттын айрым түрлөрүн ташып кирүүгө убактылуу тыюу салынганын кабарлады. Мындай чечим таризделбеген мунайзаттарды өлкөгө ташып келүүнү чектөөгө багытталган.