Арстан Алайдын «Кудаймын» дегени эмес, «акыркы жылдагы» билдирүүлөрү текшерилет

Дин иштери боюнча мамкомиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов «Марал» радиосуна берген интервьюсунда билдиргендей, комиссия Арстан Алайдын «акыркы жылдары» айткан сөздөрүн текшерет.

«Ар бир адам өз оюн эркин айтуу укугуна ээ. “Кудаймын” дейби, башка сөз айтабы — ал жарандын эрки. Арстан Алайдын “Кудаймын” деген сөзүнө эмес, акыркы жылдары социалдык баракчалар, телеканалдар аркылуу айткандарына экспертиза жасалат», — деп билдирди Эргешов.

Ал кошумчалагандай, Кыргызстанда мыйзамдарга, жарандарга зыян келтирбеген, коомду бөлүп-жарбаган ойлорго эч ким тыюу салбайт, ал эми радикалдуу, экстремисттик чакырыктарга чара көрүлөт.

«Арстан Алайдын айткан сөздөрүндө түрдүү диндерге, улуттук баалуулуктарга карата, диний кастыкты козутуу маселелери боюнча экспертиза жасалат», — деди Эргешов.

Буга чейин, Арстан Алай өзүн кудай деп жарыялагандан кийин Бишкек ШИИБи ага карата тергөөнү баштаган. Алайдын айткандары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Этникалык, улуттук жана диний кастыкты козутуу» беренеси боюнча катталган.

Мындан кийин Алайдын тарапташтары маалымат жыйын куруп, анда алар өздөрүн кудай деп жарыялашып, аларга карата да текшерүүнү баштоону талап кылышкан. Алар мындан кийин милицияга барышкан, бирок ал жактан иш козгоодон баш тартышкан.

Арстан Алай — теңирчи. Теңирчилик — бул байыркы түрк жана монгол элдеринин асманга сыйынуу менен байланышкан комплекстүү дини. Теңирчиликти туткандар бийликтен бир нече жолу агымын дин катары таанууну талап кылышкан. Бирок алардын талабы ушул убакытка чейин аткарыла элек.