Ош: Алай районунун тургундары кен чалгындоого тыюу салууну талап кылышууда

Ош шаарында митингге чогулган Алайдын тургундары. Сүрөт: Медер Ниязалиев / RFE / RL

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдында 24-октябрда Алай районунун Таш-Короо айылынын 60га чукул тургуну нааразычылык акциясына чыкты. Чогулгандар аймакта мрамор издөөгө жана чалгындоого тыюу салууну талап кылышты.

Өкмөт өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Канболот Тутуев «Клоопко» жашоочулар жайыт бузулат деп кооптонуп жатышканын билдирди. «Тургундар суунун нугу башка жакка бурулуп, айылда көчкү жүрүп кетиши мүмкүн экенин да айтышууда», — деп айтты Тутуев.

Мындан тышкары, айыл тургундары августта чалгындоо иштерин жүргүзгөн «Жол Мед Кен» компаниясынын кызматкерлери менен жергиликтүүлөрдүн ортосунда чыккан жаңжалда кармалган эки баланы бошотууну өтүнүшкөн.

«Биз укук коргоо органдары менен сүйлөшүп, кечки саат 6да балдар үй камагына чыгарылды. Бирок тергөөнүн жыйынтыгы кандай болоору белгисиз», — деп кошумчалады бөлүмдүн башчысы.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, учурда кен чалгындоо иштери токтоп турат.

Экотехинспекциянын аймактык бөлүмүнүн башчысы Рысбек Юсупов «Клоопко» Таш-Коргоо айылына жакын аймакта үч компания иш алып барып жатканын билдирди. Алар «Нур Ислам Строй», «Жаңы Жол» жана «Жол Мед Кен» ишканалары. Ведомстводон компаниялар ишмердүүлүгүн мыйзамдуу түрдө жүргүзүп жатышкан дешти.

«Алардын чалгындоого лицензиясы болгон. Биз барып текшерип келдик, алар казуу иштерин жүргүзүшкөн эмес. Эксперимент үчүн бир мраморду чыгарып алып көрүшкөн. Ошондон улам чыр-чатак чыгып атпайбы», — деди Юсупов.

Чалгындоо иштерине байланыштуу чыккан жаңжал

Алай районун Таш-Короо айылынын тургундары менен «Жол Мед Кен» компаниясынын кызматкерлеринин ортосундагы жаңжал 28-сентябрда чыккан.

Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, 10го чукул кызматкер мрамор казып жаткан учурда 25тей жашоочу келип ортодо кайым айтышуу башталып кеткен. Пикир келишпестик мушташка айланып, натыйжада жер казууга керектелген техникалар талкалган.

Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев «Клоопко» кабарлагандай, аталган окуя боюнча эки тараптан арыз түшкөн. Натыйжада 6 кишинин үстүнөн «бейбаштык» беренеси боюнча иш козголгон — үчөө компаниянын өкүлү, үчөө жергиликтүү тургун.

«Териштирүү иштери муну менен чектелбейт. Учурда 20дай тургун күбө катары сурак берип жатат. Буга кошумча жаңжалдан келтирилген чыгым эсептелип жатат», — деп түшүндүрдү Аширбаев.