Бишкек: ИИМ адамдын жүзүн тааныган 60 камера орнотот

Бишкекте адамдын жүзүн тааныган системасы бар болгон 60 камера орнотулууда. Бул маалымат 28-октябрда ИИМдин акыркы тогуз ай ичиндеги иштердин жыйынтыктары боюнча өткөн жыйынында айтылган.

Камералар демөөрчүлүк каражаттардын жардамы менен сатылып алынганы белгилүү. Бирок ИИМ так ким жана качан акча бөлгөнүн тактаган жок.

ИИМдын маалыматына ылайык, бул камералар Бишкек ШИИБинин Санариптешкен командалык борборун түзүүнүн алкагында сатылып алынган.

Ведомствонун басма сөз кызматы маалымдагандай, ал «кылмыш болгон жерге ыкчам чыгуу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү күчөтүү» үчүн түзүлгөн.

Учурда бул камералар орнотулуп системага кошулууда.

Бул камералардан тышкары Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 800 видео байкоочу камера орнотулган.

Мурдараак, Кыргызстандын ИИМи менен CEIEC кытайлык компаниясы адамдын жүзүн тааныган камераларды Кыргызстанга жеткирүү тууралуу келишим түзүшкөн. Ушул эле компания калкты аңдуу системасын Кытай менен Эквадорго киргизген.

Кытайлык компания Эквадордо иштеп баштагандан тарта бул өлкөнүн коопсуздук аймактагы рейтинги 11-орундан 4-орунга көтөрүлгөн — өлкөдөгү кылмыштуулук 24 пайызга азайган. Камералар 24 млн калкы бар болгон өлкөдө күнү-түнү байкоо жүргүзөт.

CEIEC — Кытайдын импорт жана экспорт боюнча улуттук корпорациясы. Бул мамлекеттик мекеме аскер муктаждыктары үчүн продукцияларды өндүрөт. CEIEC Кытайда коомдук коопсуздук системаларын түзгөн — байлик аларды Шинжаңдагы уйгур оппозиционерлерине басым кылуу үчүн колдонушат.