Милиция «Манас» аэропортунун жанындагы таксисттин өлүмүнө шектүү эки адамды кармады

ИИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, милиция «Манас» аэропортунун жанындагы таксисттин өлүмүнө шектүү эки адамды кармады. Милиционерлер зомбулук менен өлтүрүлгөн таксисттин сөөгүн 23-октябрь күнү машинасынын багажнигинде табышкан.

Шектелип аткандардын экөөсү тең кылмыш болгон учурда жатак абагында жаза өтөп жатышкан — бирөөсү уурулук, зордуктоо жана карактоо үчүн, ал эми экинчиси — аткезчилик жана баңгизаттарды сактоо үчүн.

«Өзгөчө ырайымсыздык менен адам өлтүрүү ЖАМКтын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан адамдар тарабынан жасалган. Мекемелердин жетекчилиги жаза өтөп жаткан адамдарды көзөмөлсүз калтыргандыгынын айынан жогоруда айтылган адамдар тарабынан адамга карата өзгөчө оор кылмыш кылынган, тагыраагы, карактоого байланыштуу адам өлтүрүү [кылмышы]», — деп билдиришти ИИМден.

Ведомстводон кошумчалашкандай, шектүүлөрдүн «башка өзгөчө оор жасалган кылмыштарга тиешелери бар-жогу текшерилип жатат».

Жазаларды аткаруу мамкызматынан (ЖАМК) «Клоопко» эмне үчүн кармалгандар абактан чыгып кетишкендиги жөнүндө маалымат такталып атканын кабарлашты.

«Жатак абагындагы адамдар конвойсуз, жарандык кийимчен жүрүшөт жана үйлөрүндө жашай алышат. Бирок бул тартип боюнча бардыгын эле коё бере бербейбиз. Бул алар адаптация болушу үчүн керек», — деп билдиришти ЖАМКтан.