Бишкек: Кафедеги жарылуудан 13 адам жаракат алып, бирөө каза тапты

8-ноябрь күнү Бишкектин борборунда жайгашкан «Антошка» кафесиндеги жарылуудан 13 адам жаракат алып, кафенин бир кызматкери мерт болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жарылуудан бир адам каза тапкан. Жаракат алган 13 адамдын ичинен жетөөсү жаш балдар болгон.

Жабыр тарткан эки адам оор абалда, алардын денесинин 25-30% күйгөн. Дагы үчөөнүн абалы орто деп бааланууда — алардын денесинин 5-13% күйгөн. Мындан тышкары, бир адам иске ууланып, ооруканага жеткирилген.

Жарылуу Бишкектин борборунда — Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде орун алган.

Каза тапкан кыз «Антошка» кафесинин кызматкери болгон. ИИМдин алдын ала маалыматы боюнча, кафеде газ баллон жарылган.

Газ баллон тууралуу күбөлөр да айтышкан.

«[Кафеге] бир кардар кирип, гамбургер сатып алган, ал [кафенин] кызматкерлери газ баллонду чукулап жатышканын байкаган», — деп айтып берди «Антошка» кафесинин маңдайында бал муздак сатып иштеген аял «Клооптун» журналисттерине.

Кафедеги жарылуу саат 13:30да болгон.

«[Кафенин] ичинде адам көп болчу, алардын баары чуркап чыгышты. Менин бир таанышым күйгөн абалда чыккан. [Кафенин] дагы бир нече кызматкерлери бети-башы күйгөн абалда чыгышкан», — деп айтып берди бал муздак саткан аял.

Жарылуудан кийин чыккан өрттү үч өрт өчүргүч бригада өчүргөн. Азыркы учурда өрт толугу менен өчүрүлдү.

Маалымат жаңыртылып турат.

Материалдын үстүндө иштегендер: Айгерим Тариэл, Азим Сапарбеков, Элана Батырбекова, Адилет Иманалиев