Караколдо башкы балаты орнотулуп жатат (жаңы жылга чейин бир жарым ай эрте)

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Каракол борбордук аянтында балатысын орното баштаган Кыргызстандагы биринчи шаар болду — балатынын каркасы 14-ноябрда эле коюлган.

Каракол мэриясы бул балатынын каркасын 2017-жылы 1 млн сомго сатып алган, анын бийиктиги 21 метрди түзөт.

Бул жылы балаты менен аянтты шөкөттөөгө жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом бөлүнгөн.

«Бул жылы коноктор жана шаардыктар үчүн [балатына] адаттан тыш башкача жасалгалагыбыз келет», — деп билдирген шаардын вице-мэри Гүлназ Орозова «Турмуш» басылмасына.

2018-жылы өлкөнүн башкы балатысы Бишкектин Ала-Тоо аянтына 26-ноябрда орнотулган. Кытайдын элчилиги аны калаа муниципалитетине 2013-жылы белек кылган. Анын каркасынын узундугу 27 метр.

Караколдун башкы балатысына мурдагы жылы 222 миң сом бөлүнгөн.