Орус драмтеатры 28 жылдан бери биринчи жолу чет өлкөгө гастролго чыкты

Орус драмтеатрынын артисттери Кыргызстан эгемендик алган күндөн бери биринчи жолу башка өлкөгө гастролго чыгып кетти. Алар Орусиянын бир нече шаарларында эки спектакль көрсөтүшөт.

Чынгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драма театрынын директору Евгений Кузнецов мурда артисттер болгону эл аралык фестивалдарга гана катышышканы менен бул алардын биринчи толук кандуу гастролу экенин айтты.

Гастроль 10-ноябрда башталган жана ал он күнгө созулат. Театр учурда Магнитогорск жана Челябинскте өнөр көрсөтүүгө үлгүргөн. Турне Курганда аяктайт.

Орусияда артисттер кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» чыгармасы, ал эми экинчиси, америкалык драматург Дон Нигронун «Айбанаттар окуясы» пьессасынын негизинде спекталь көрсөтүшөт.

«Орусиялык көрүүчүлөр биздин таланттуу артисттерибизди чоң кубаныч менен тосуп алышып, аларга туруп алып кол чабышты. Магнитагорскто залдар толук болгон, ал эми Челябинскте болсо биринчи спектаклде эле аншлаг болуп кетти», — деп айтып берди орус драмтеатрынын директору Кузнецов.

Жалпысынан Орусияга гастролго административдик персоналды кошуп 51 адам кеткен. Сапарга байланыштуу чыгымдардын бардыгын орус тарап каржылайт.

«Эми кийинки жылы Красноярск, Томск жана Омск шаарларына баруу планыбыз бар, себеп дегенде келе жаткан жыл Орусиянын Кыргызстандагы жылы жана Кыргызстандын Орусиядагы жылы жеп жарыяланды», — дейт Кузнецов.

Анын айтымында, сатылган билеттерден түшкөн киреше кыргыз артисттерин кабыл алган Орусиянын театрларында калат.

Орус драмтеатрынын артисттери акыркы жолу гастролго 1988-жылы Москвага чыгышкан. Алар ал жакта Чыңгыз Айтматовдун «Кыямат» аттуу чыгармасынын негизинде түзүлгөн ушул эле аталыштагы спектаклдын бет ачаарын көрсөтүшкөн.

Материалдын үстүндө иштегендер: Полина Тютюник, Адеим Убакеева