Бабанов: «Менин атымды чагым уюштуруу максатында колдонуп жатышат»

Президенттикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов ысымы «чагым жана каралоо уюштуруу максатында колдонулуп жатканын» билдирди.

Мурдараак коомдук тармактар менен ЖМКларда Бабановдун коррупцияга каршы митингге тиешеси бардыгы тууралуу маалымат тарап кеткен.

«Жоопкерчилик менен билдирем, мен эки жылдан ашык убакыттан бери саясатка катышпай элем. Мен бир гана өз бизнесимдин жана укуктук маселелеримди чечүүнүн үстүндө иштеп жатам», — деп билдирди ал.

Бабанов президенттик шайлоодо жеңилип калган соң саясаттан кетип жатканын билдирген. Ал козголгон кылмыш иштеринин айынан өлкөдөн чыгып кеткен. Үстүбүздөгү жылдын августунда кайтып келген соң ал убадасына турап, саясатка барган эмес.

Бабанов президенттик шайлоого катышканга чейин өлкөнүн премьер-министри, «Республика — Ата-Журт» партиясынын лидери жана ошондой эле, парламенттин депутаты болуп эмгектенген.