Кара-Сууда эл аралык террористтик уюмунун мүчөсү кармалды — ИИМ

Ош ШИИБинин экстремизмге каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш чараларынын натыйжасында 17-ноябрь күнү «ат-Таухид валь-Жихад» эл аралык террористтик уюмунун мүчөсү кармалды.

Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов «Клоопко» билдирди. Анын берген маалыматына ылайык, соцтармакта «Абдулла» деген аты менен катталган А. К. аттуу жаран 2019-жылдын апрель айынан бери экстремисттик материалдарды даярдап, аны интернет аркылуу таркатып жүргөн.

Ал 1987-жылы туулган Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Суу шаарынын тургуну экени белгилүү болгон.

Басма сөз катчы кошумчалагандай, «Абдулла» деген каймана ысым менен катталган адам интернетте жарандарды террористтерге каражат жагынан жардам берүүгө үндөп жүргөнүн кошумчалады.

«Бул каражаттарды ал “ат-Таухид валь-Жихад” эл аралык террористтик уюмуна жөнөтүп турган. Азырынча бул тараткан материалдар боюнча бир топ экпертизалар дайындалган», — деп билдирди Тавакалов.

Ыкчам иликтөө ишинин жүрүшүндө шектүү Кара-Суу шаарынын «Туратали» базарында колго түшүрүлгөн. Тинтүү учурунда шектүүдөн атайын белгиленген 5 000 сом, «самсунг» жана «максви» мобилдик телефондору алынган.

Ал эми анын үйүн тинтүүдө ок атуучу жана пневматикалык тапанчалар, анын ичинде бир нече флешкалар табылган.

Шектүүгө каршы Жазык кодексинин «Террордук ишке көмөктөшүү» деген беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.