Кыргызстанга шаарларды таза суу менен камсыздоого 11 млн евро грант бөлүнөт

Сүрөт: Дмитрий Мотинов

Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандын шаарларындагы канализацияны жакшыртуу үчүн 11,5 млн евро бөлүп берет. Банк 5 млн еврону Исфана шаарына, ал эми 6,5 млн еврону Кербен шаарындагы канализацияны өнүктүрүүгө бөлөт.

«Бул долбоорду ишке ашырууда Исфанада 33 900, ал эми Кербенде 27 620 адам коопсуз таза суу ичүүгө мүмкүндүк алышат, андан тышкары, калк арасында сапатсыз ичүүчү суу аркылуу жугуштуу оорулардын саны кыскарат», — деп билдиришти парламентте.

Депутаттар Жапония менен Кыргызстандын ортосундагы макулдашууну дагы карап чыгышты — ал боюнча Жапония бийлиги Талас-Тараз унаа жолу боюнча Урмарал дайрасы аркылуу өткөн көпүрөнүн курулушуна 16 миллион доллар бөлүп берет. Депутаттар көпүрө Казакстан менен транспорттук байланышты камсыздап, «жүз жыл кызмат кылат» деп ишендиришүүдө.

Донорлор дайыма Кыргызстанга өнүгүүгө акча берип келишет. Акыркы жолу Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстанга Миң-Куш жана Шекафтардагы уран туюккаптарын реабилитациялоого грант бөлгөн.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында аталган Ош облусундагы айылдарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 6 млн евро бөлүп берген. Бул сумманын 2 миллион евросу Кыргызстанга кредит катары берилген — өлкө аны 15 жылдын ичинде кутулушу керек.