Кара-Суудагы жаңжал. Кылыч Саркарбаевге байланыштуу иш боюнча териштирүү уланууда — ИИМ

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Карима Аманкулова «Клоопко» билдиргендей, Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаевге байланыштуу иш сотко өтө элек.

«Тийиштүү экспертизалар дайындалып, башкалар да сурак беришкен. Бирок сотко чейинки өндүрүш аягына чыга элек», — деди Аманкулова.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы жана ЖМКлар Ош мэриясынын аткаминери Кылыч Саркарбаев 22-сентябрда спортчу Төлөгөн Рахманберди уулун пикир келишпестиктен улам тапанча менен атып жибергенин маалымдашкан.  Окуя Кара-Суу районунун Фуркат айылында болгон. Аталган факт «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилип, жоон санына ок тийгени аныкталган. Кийинчерээк Рахманберди уулу Саркарбаев менен ага-ини мамиледе экендигин айтып, тапанча менен өзүн-өзү атып алгандыгын билдирген. Кийинчерээк Саркарбаев өзү да спортчуну атпаганын айтып, аны каралоо аракети болуп жатканын кабарлаган. ИИМ спортчу кандайча жарадар болгону дайындалган экспертизанын жыйынтыгы менен билинет деп жооп берген.

Саркарбаев Ош мэриянын астындагы шаардык спорт комитетин 2015-жылдан тарта башкарып келет. Мамлекеттик кызматка келгенге чейин мушташтын аралаш түрү менен машыгып байгелүү орундарды алып келген.