Саркарбаев спортчуну атууга тиешеси бар болгонун четке кагууда — Ош мэриясы

Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев спортчу Төлөгөн Рахманберди уулун тапанча менен жарадар кылууга тиешеси бар болгонун четке кагууда. Бул тууралуу «Клоопко» Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

«Саркарбаев 30-сентябрь күнү жумушка чыкты. Учурда тергөө амалдары жүрүп жаткандыктан биз анын аракеттерине баа бере албайбыз, кызматтык иликтөө да жүрүп жатат. Тергөөнүн жыйынтыгы менен укуктук баа берилет», — деди Абсаттаров.

Спорт комитеттин башчысы Vesti.kg басылмасына берген интервьюсунда үчүнчү жактар аны каралоого аракет кылып жаткандыгын айткан.

«Менин оюмча, аталган айыптоолорду менин репутацияма жана спортчулар арасындагы авторитетиме көө жапкысы келгендер кылып жатышат», — деп келтирет басылма Саркарбаевдин айткандарын.

Бир жумадай жумушка чыкпай байланышта болбогонун аткаминер ден соолугуна байланыштуу өргүү алганы менен түшүндүргөн.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Карима Аманкулова тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн Саркарбаев Кара-Суудагы жаңжал боюнча иште кандай статуста өтүп жаткандыгын айтуудан баш тартты.

«Кара-Суудагы жаңжал боюнча баардык зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Тергөөнүн жана экспертизалардын жыйынтыгы менен бул окуя боюнча дагы маалыматтар берилет», — деп түшүндүрдү Аманкулова.

Кара-Суудагы жаңжал

Ош облустук ички иштер башкармалыгы жана ЖМКлар Ош мэриясынын аткаминери Кылыч Саркарбаев 22-сентябрда спортчу Төлөгөн Рахманберди уулун пикир келишпестиктен улам тапанча менен атып жибергенин маалымдашкан.

Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилип, жоон санына ок тийгени аныкталган. Кийинчерээк Рахманберди уулу Саркарбаев менен ага-ини мамиледе экендигин айтып, тапанча менен өзүн-өзү атып алгандыгын билдирген. Аталган факт «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Саркарбаев Ош шаардык спорт комитетин 2015-жылдан тарта башкарып келет. Мамлекеттик кызматка келгенге чейин мушташтын аралаш түрү менен машыгып байгелүү орундарды алып келген.