Кара-Суудагы жаңжал. Жабырлануучу Ош мэриясынын аткаминеринен ок жегенин четке кагууда

Кара-Суу районунун Фуркат айылындагы жаңжалда жабыркаган спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун 25-сентябрда «Ош-Пирим» телеканалына берген интервьюсу жарыяланды. Анда Рахманберди уулу Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев аны тапанча менен атканын төгүндөгөн.

«21-сентябрь күнү кечинде чай ичели деп Кылычка [Саркарбаевге] чалгам. Алтынбек, Бекболот деген инилиребиз менен бирге келишкен болчу. Унаада сүйлөшүп отурганбыз. Бекболот “тапанча таап алдым, көрүп бербейсизби” деди. Мен кантсе да [милициянын] мурунку кызматкеримин да. Тапанча октолуу экен, басылып кетип, саныма өзүм атып алдым», — деп билдирген телеканалдын журналисттерине Рахманберди уулу.

Төлөгөн Рахманберди уулу Саркарбаев менен ага-ини катары мамиледе болгонун, фейк аккаунттар алардын мамилесин бузууну көздөп атышканын кошумчалаган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Карима Аманкулова «Клоопко» жабырлануучунун интервьюда берген маалыматы текшерүүгө алынаарын айтты.

«Азырынча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Тергөөнүн сыры деген нерсе да бар […] Соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертиза дайындалган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен дагы маалымат берилет», — деди Аманкулова.

Саркарбаев өзү комментарий алууга 22-сентябрдан бери жеткиликсиз болууда.

Кара-Суудагы жаңжал

Буга чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгы жана ЖМКлар Ош мэриясынын аткаминери Кылыч Саркарбаев 22-сентябрда спортчу Төлөгөн Рахманберди уулун пикир келишпестиктен улам тапанча менен атып жибергенин маалымдашкан.

Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Кол салуу фактысы «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Саркарбаев спорт комитетин 2015-жылдан тарта башкарып келет.

«Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаковдун маалыматы боюнча ал EREM спорт клубунун мүчөсү. Клуб Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык. Аталган үй-бүлө бажынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлктөрү тууралуу иликтөөдөн кийин белгилүү болгон.

Саркарбаевдин өзүн Матраимовдор менен байланыштырышат жана аны эң жакын адамдарынын бири катары аташат. Мурда аткаминер күрөштүн аралаш түрү менен машыгып, чемпионаттарда байгелүү орундарды алып келген.