Матраимовдор муниципалдык жолду мыйзамсыз тосуп алышканы аныкталды — Ош мэриясы

Ош шаардык мэриясынан «Клоопко» билдиришкеней, Руслан Матраимов «Келечек» балдар чыгармачылык борборуна алып барчу жолду уруксатсыз тосуп алганы аныкталды.

«Борбордун чыгыш тарабындагы жолду тосуу үчүн архитектуралык уруксат иш-кагаздар берилген эмес. Ошондой эле муниципалдык жер жеке менчикке өткөрүлгөн эмес. Жалпы пайдалануудагы жерлерди мыйзам жеке пайдаланууга өткөрүүгө жол бербейт», — деп айтылат мэриянын берген маалыматында.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров архитектура башкармалыгы Матраимовдорго жолду ачуу боюнча эскертүү бергенин кошумчалады.

«Борборго тиешелүү жер тилкесин жана муниципалдык жерди Матраимовдор мындан алты жыл мурун өз алдынча тосуп алышкан. “Азаттыктын” журналисти бул тууралуу айтып чыккандан кийин жер тилкеге орнотулган тосмо алынган. Эми тосулган жолду да ачып беришет», — деп түшүндүрдү Абсаттаров.

Матраимовдордун үй-бүлөсү муниципалдык жерди жана жолду тосуп алышкандыгы тууралуу маалымат белгисиз адамдар «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго кол салышкандан кийин белгилүү болгон. Окуя Руслан Матраимовдун үйүнө жакын аймакта болгон.

«Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаковдун айтымында, окуя болгон күнү Кулчуманов «Келечек» балдар борборунун тосулган жолун жана тилкесин дронго тартканы барган.

Исаков экөө тең Матраимовдордун үй-бүлөсү тарабынан тосулганын билдирген. Кийинчерээк Руслан Матраимов жолду жергиликтүү бийликтин суранычы менен тосушканын тастыктаган. Ал эми тосулган муниципалдык тилке тууралуу комментарий берген эмес. Ошондо Ош мэриясы бул боюнча териштирүүнү баштаган.

Матраимовдордун таасири

Матраимовдор Кыргызстанда эң таасирдүү үй-бүлөлөрдүн бири деп эсептелет. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Матраимовдордун бирөөсү азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы кампаниясын каржылаган деп ишара кылган.

Бир тууган ага-инилердин эң улуусу Искендер Матраимов — Жогорку Кеңештин депутаты. Тилек Матраимов Кара-Суу районун жетектейт. Дагы бир иниси Ислам Матраимов финполицияда ички иликтөөлөр башкармалыгын башкарган.

Бирок Матраимовдордун арасында «Райым-миллион» атыккан Райымбек эң эле белгилүүсү болуп эсептелет. Ал Ош бажысынын жетекчиси, кийинчерээк бажы кызматынын башчысынын орун басары болгон.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин суранычы боюнча экс-премьер-министр Сапар Исаков аны бул кызматтан алган. Матраимов сотто өкмөттүн чечимине даттанып, сот аны кызматына кайтаруу чечимин кабыл алган.

Каржы полициясы Райым Матраимовдун мүлкүн текшерип жатат. 2019-жылдын декабрь айында журналисттер президент Сооронбай Жээнбековго өз иликтөөсүнүн жыйынтыктарын беришкен. Анда Матраимов жана анын үй-бүлөсү мамкызматта иштегендери менен кымбат үй, жерлерге ээ экени айтылган.

Журналисттик иликтөө

Үстүбүздөгү жылдын май айында «Азаттык» үналгысы Кыргызстандан 700 миллион долларга жакын каражат чыгарылганы жөнүндө иликтөө жарыялаган. Иликтөөдө аталган каражаттарга Райымбек Матраимовдун тиешеси бар болушу мүмкүн экендиги айтылат. Акчаларды Кыргызстандан Кытай жараны Айэркен Саймаити чыгарганы белгилүү болот. Ал эми 10-ноябрда Саймаити Түркиянын Стамбул шаарындагы мейманканаларынын биринин кафесинде атып өлтүрүлөт.

Саймаитинин өлүмүнөн кийин Kloop, «Азаттык» үналгысы, OCCRP менен биргеликте мурдагы иликтөөнүн экинчи бөлүгүн чыгарышат. Анда беш жылдан ашык убакытта Борбор Азиядан жүз миллиондогон долларларды чыгарып кеткен Саймаитинин окуясы баяндалат. Маркум өлөөрдүн алдында журналисттерге берген интервьюсунда Матраимовдордун «Исмаил ата» фондуна «зекет» деген шылтоо менен акча которуп турганын айтат.

Биргеликте жасалган үчүнчү иликтөө 4-декабрда жарыяланат. Анда Кыргызстандан жүздөгөн миллион долларларды накталай чыгаруу боюнча көмүскө схема ачыкталат. Бул иликтөөдө да Матраимовдун аты аталат.

Авторлошу: Элдияр Бакиров